Дайынсыз жоголгон кеме 51 жылдан кийин табылды

Автор -
301

Франциянын Тулон шаарынын жээктеринде 51 жыл мурда дайынсыз жоголгон деңиздин түбүндө сүзүп жүрүүчү «Минерва» аттуу кеме башка деңиздин түбүндө сүзүп жүрүүчү изилдөө кемеси тарабынан табылды. Бул тууралуу trt.kyrgyz жазып чыкты.

ВВСнин кабарына караганда, Франциянын коргоо министри Флоренс Парли Твиттер баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, 1968-жылдын январь айында ичиндеги 52 деңизчи менен дайынсыз жоголгон француз кемесинин жеринин аныкталгандыгын маалымдады.

Парли, баардык аракеттерге карабастан көптөгөн жылдардан бери табылбай жаткан Минерванын табылуусун «жетишкендик, жеңилдөө жана техникалык жөндөм» деп сыпаттады.

Дайынсыз жоголгон деңизчилердин жакындарынын талабы боюнча издөө иштеринин быйылкы жылдын башында кайрадан башталгандыгын эске салган Парли: «Көптөгөн жылдардан бери ушул учурду күткөн үй-бүлөлөрдү ойлоп жатам»,-деди.

Жергиликтүү басма сөздөгү кабарларда, дайынсыз жоголгон деңиздин түбүндө сүзүп жүрүүчү кеменин жеринин, порт шаары Тулондун жээгине 45 чакырым алыстыкта, деңиздин 2 миң 270 метр тереңдигинде аныкталгандыгы билдирилди.

Минерванын жоголуп кетүү себеби белгисиз бойдон калган эле.