Кыргыз-тажик арасындагы чыр боюнча кылмыш иши козголду

Автор -

Баткен облустук Ички иштер башкармалыгы кыргыз-тажик чек арасындагы 22-июлдагы чыр боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу «Азаттык» жазып чыкты.

Маалыматка караганда, бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Учурда чыр чыккан аймакка вице-премьер-министр Жеңиш Разаков чыгып кетти. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, учурда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Баткенде жүрөт.

Бөлүшүү