Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ак-Сай менен Ворух айылынын жашоочулары менен жолугушту.
Жолугушууда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков эки өлкөнүн бийлиги чек арага чектеш аймакта жашаган элдин маселесин биргелешип чечүүгө аракет кылып жатышканын айтты.
[ads-quote-center cite=’деди Жээнбеков.’]«Биз чек арадагы элдин жашоо-шартын жакшы билебиз. Бардык маселелерден кабарыбыз бар. Аларды чогуу чечкенге аракет кылып жатабыз. Биз чек араны тынчтыктын жана достуктун чек арасы кылгыбыз келет. Мен чечилбеген маселе жок деп ойлойм»[/ads-quote-center]Ошондой эле кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандантууну сунуштады.
Жээнбеков менен Рахмон бүгүн, 26-июлда Ак-Сай менен Ворух айылынын чек арасында жолугушкан. Президенттин басма сөз кызматы эки өлкөнүн жетекчилеринин жолугушуусу Тажикстандын Исфара шаарында уланып жатканын, сүйлөшүүнүн экинчи айлампасы 27-июлда Чолпон-Ата шаарында болорун кабарлады.
22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан. Кыргыз тараптын маалыматына караганда, 22-июлда кечки 17:20 чамасында Ворух айылынын кире беришиндеги такталбаган жерге Тажикстандын желегин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кеткен. Ворух айылына чектеш Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундары желек орнотууга каршы болгон.
Тажикстандын чек ара кызматы кыргыз жарандары «Ак-Сай айылы» деген жазууну орнотууга аракет кылганына ворухтуктар нааразы болуп, чыр ушундан улам чыкканын билдирүүдө.