Кыргызстанга туристтерди тартуу максатында жаңы ат менен жүрүүчү маршрут ачылды

Автор -
Kyrgyzstan

Кыргызстанга туристтерди тартуу максатында жаңы ат менен жүрүүчү маршрут ачылды

26-июлда «Кыргыз туризм» компаниясы менен АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) биргеликте ат менен жүрүүчү жаңы туристтик маршруттун расмий ачылышын өткөрүштү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы маршрут Кыргызстандагы эң кооз жана таанымал туристтик эки багыттарды: Суусамыр өрөөнү менен Соң-Көл көлүн бириктирет. Тур беш күнгө чейин созулуп, Ой-Кайың, Сары-Көл жана Ок-Торкой жайлоолорун аралап өтөт.

«Кыргыз туризм» старт-ап бизнестин негиздөөчүсү Аиша Мамбеталиева USAIDдин «Конкуренттүү ишкана» долбоорунун алкагында эң мыкты бизнес-идеялар үчүн грант утуп алган 11 финалисттин бири болуп аталган. Долбоор Мамбеталиева айымга эл аралык туристтер үчүн ат үстүндө коопсуз жана ыңгайлуу саякаттарды уюштуруу үчүн жогорку сапаттагы 14 комплект ат жабдыктарын өткөрүп берди.

USAIDдин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн директору Гэри Шу мырза белгилегендей, бул жаңы маршруттун ишке кириши менен Суусамыр өрөөнүндө туристтердин саны көбөйөт жана жаңы жумуш орундар түзүлөт деп күтүлүүдө.

[ads-quote-center cite=’деди Шу мырза.  ‘]«Биздин болжолубузда, келерки жылдары бул демилгеден гид, ашпозчу, мейманкана кызматкерлери сыяктуу жаңы 30 жумуш орун түзүлүп, 15тей үй-бүлө кошумча кирешеге ээ болушат»[/ads-quote-center]