Көчмөндөр оюндары учурунда 60 миңден ашуун турист келди

Автор -

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын көрүүгө Кыргызстанга 60-70 миңдей чет элдик туристтер келди. Бул 2016-жылдагы оюндардан эки-үч эсе көп. Бул тууралуу Туризм департаментинин башчысы Азамат Жамангулов “Азаттык” радиосуна билдирди.

«Көчмөндөр оюндарынын Кырчын жайлоосундагы ачылышына 2016-жылы 30 миңге жакын адам келген. Быйыл бир күндө, ачылышына эле 150 миңдей адам келди. 2016-жылы Көчмөндөр оюндары учурунда 15-20 миңдей чет элдик жарандар турист катары келген. Быйыл болжол менен 60-70 миңге жакын деп эсептеп жатабыз«,-деди Жамангулов.

2-сентябрда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында башталган III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары бүгүн, 8-сентябрда аяктайт. Аземдин жабылышына премьер-министр Мухаммедкалай Абылгазиев катышары күтүлүүдө. Бул күнү 2020-жылы Көчмөндөр оюндарын өткөрүү миссиясы тапшырылган Түркияга эстафета катары мөңгүнүн суусу тапшырылат.

Жабылыш аземи чет элдик ырчылардын катышуусундагы концерттик программа менен коштолот.

Бөлүшүү