Кечээ, 30-июлда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев телефон аркылуу cүйлөшүштү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков жана Нурсултан Назарбаев кыргыз-казак кызматташтыгынын абалын жана болочогун талкуулашты, эки өлкө ортосундагы союздаштык, стратегиялык өнөктөштүк жана ынак кошуналык мамилелерди мындан ары бекемдөөнүн маанилүү экенин белгилешти.