Социалдык тармактарда Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамовдун камалганы тууралуу маалымат тарады. Бул тууралуу april.kg жазды.
Фейсбуктагы «КР Интернет-Парламенти» баракчасы Рустамовду УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы бүгүн эртең менен көрсөтмө алуу үчүн кармап кеткенин жазат.
[ads-quote-center cite=’деп жазылат Фейсбуктагы баракчада. ‘]«Биздин булактардын маалыматы боюнча, кечээ УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы 5 миң доллар пара алып жаткан жеринен агенттиктин жетекчисинин жардамчысы жана айдоочусу Ибраев Арсланды кармаган. Рустамовдун үйүндө жана иш бөлмөсүндө тинтүү жүргүзүлүп, ал таңкы төрттө аяктаган. Эртең менен аткаминерди көрсөтмө алуу үчүн кармап кетишкен. Иш бөлмөсү бекитилип, мөөр басылып турат»[/ads-quote-center]