Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов жумуш сапары менен Кыргыз Республикасына келди.
«Манас» эл аралык аэропортунда Өзбекстан Республикасынын премьер-министрин Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков тосуп алды.
Жумуш сапардын алкагында Абдулла Арипов Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушат.
Мындан тышкары Өзбекстан Республикасынын премьер-министрин Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алмакчы.