Кыргызстан жана Өзбекстандын чек аралык аймактарынын ортосунда кызматташуу жаңы формат алды

Автор -

Кыргызстан жана Өзбекстандын чек аралык аймактарынын ортосунда кызматташуу жаңы формат алды. Чектеш облустардын башчыларынын кеңеши түзүлүп, эки мамлекеттин Премьер-министрлеринин патронажы алдында иштеп жатат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүн кыргыз-өзбек мамилелери стратегиялык өнөктөштүктүн сапаттык жаңы даражасына чыкты.

«2017-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти алгачкы ирет Өзбекстан Республикасына расмий сапар жасаган. Анын жыйынтыгында соода-экономикалык, финансылык, илимий-техникалык жана гуманитардык тармактарда кызматташтык боюнча эки жактуу келишимдердин кеңири пакетине кол коюлган. Мындан тышкары 2018-жылы мамлекет башчылардын деңгээлиндеги диалог көп тараптуу аянтчада уланган. Буга байланыштуу белгилей кетсем, кыргыз тарап Өзбекстан Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасына жооп иретинде сапарын күтөт»
деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министрдин айтымында, эки өлкөнүн ортосундагы коңшулаштык мамилердин бекем негизи Стратегиялык өнөктөштүк, достукту, коңшулаштыкты жана ишенимди чыңдоо жөнүндө декларация болуп саналат. Ага 2017-жылы 5-октябрда Ташкентте кол коюлган.

«Акыркы жылдары биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелерде олуттуу өзгөрүүлөр байкалып жатканын белгилеп кетүү маанилүү. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө макулдашуу, Чек ара райондорунда ишеним чаралары боюнча келишим, Аскер чөйрөсүндө кызматташтык жөнүндө макулдашуу сыяктуу биздин элдерибиз үчүн маанилүү документтерге кол коюлду. Бул кызматташтыктын жаңы сапаттык деңгээлинин – стратегиялык өнөктөштүктүн далили. Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча биргелешкен жемиштүү иштерди өзүнчө белгилеп кетүү керек. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек тилкесинин калган бөлүгүн чийүүнү аяктоо боюнча эки жактуу диалог уланууда. Бул жакынкы келечекте кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын толук юридикалык тариздөө процессин аяктоого шарт түзөт. Жакында тараптар тиешелүү Макулдашууга кол кое алышат деп ишенем»
деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы соода-экономикалык маселелерди талкуулап жатып белгилегендей, 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын ортосунда товар жүгүртүү 336 млн АКШ долларын түзгөн, бул 2017-жылга салыштырмалуу 8% көп.

«Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча биздин өлкөлөрдүн ортосундагы товар жүгүртүү 165 млн АКШ долларын түздү. Биз соода-экономикалык чөйрөдөгү ишке ашырылбаган кеңири потенциалды эске алып, биргелешкен ишканаларды жана долбоорлорду, продукция кайра иштетилип, таңгакталып жана башка өлкөлөргө экспорттолгон логистикалык борборлорду түзүү аркылуу өз ара сооданы өнүктүрүү шарттарын түзүүгө тийишпиз. Биргелешкен ишканаларды ачуу өндүрүштү көбөйтүп, жумуш орундарын түзүп, элибиздин жашоо деңгээлин жогорулатып, чектеш райондордун инфратүзүмүн жакшыртат. Бүгүн Өзбекстан Республикасында кыргыз капиталы бар 96 компания иштейт, алардын 30у 2018-жылы түзүлгөн (31%). Ошол эле учурда Кыргыз Республикасында 200дөн ашуун кыргыз-өзбек ишканалары иштейт»
деди Премьер-министр.

Тараптар жолугушуунун жүрүшүндө «Ташкент-Бишкек-Балыкчы-Ташкент» багыты боюнча темир жол каттамы, «Бишкек-Ташкент-Бишкек» автобустук каттамы жандандырылганын, «Бишкек-Ташкент-Бишкек» багытында аба жыштыктарынын саны өскөнүн, ошондой эле сезондук негизде «Ташкент-Тамчы» чартердик аба каттамынын жандануусун канааттануу менен белгилешти

«Ошону менен бирге «Анжиян-Ош», «Фергана-Ош» туруктуу автобустук каттамдарын жандандырууну тездетүү зарыл. Азыр өзбек чек арасы аркылуу кыргыз унааларын тоскоолдуксуз өткөрүү жана Өзбекстандын аймагы боюнча темир жол аркылуу жүк ташууга 30 пайыздык арзандатуу маселелери чечилген. Үстүбүздөгү жылдын июнунан тартып кыргыз унааларынан камсыздандыруу төлөмдөрүн алуу маселеси алынып салынды, ошол эле учурда кыргыз тарап Кыргыз Республикасынын аймагында өзбек унааларына болгон жыйымдарды жойду»
деп кошучалады Мухаммедкалый Абылгазиев.
Бөлүшүү