Чоң-Алай районунда Ленин чокусунан түшүп жатып дайынсыз жоголгон Орусиянын жараны Иванов И.С.нын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин билдиришти.
Белгилей кетсек, эс алганы келген И.И. 1974-жылы туулган Орусиянын жараны 27-июль күнү Ленин чокусунан түшүп жатып, саат 18:40та байланышка акыркы жолу чыгып, бирок ошол бойдон кайра байланышка чыккан эмес.
Маалыматка ылайык, 4-август күнү 6200 метр бийиктиктен туристтин сөөгү альпинисттер тарабынан табылып, 5-август күнү саат 09:00дө КР ӨКМнин куткаруучулары менен Ак-Сай-Тревел туристтик компаниясынан альпинисттери маркумдун сөөгүн базалык лагерге алып түшүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Буга чейин ага тиешелүү сумка жана визитка табылган эле.