ӨКМ: Кыргызстанда абдан ысык аба ырайы күтүлөт

Автор -
306

Ушул жылдын 6-августунан 9-августуна чейин Кыргызстанда абдан ысык аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын күндүзгү температурасы Чүй, Баткен, Ош, Жала-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 38-40°ка чейин, Талас өрөөнүндө 36-38°ка чейин жогорулашы күтүлөт.

Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда организмди күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.