Ош шаарындагы жолдорго жолдон өтүү эрежелери жана эскертүүлөр жазылды

Автор -

Ош шаарындагы жолдорго жолдон өтүү эрежелери жана эскертүүлөр жазылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-августта Ош шаарында адамдар көп өтүүчү кесилиштерде Ош ШИИБдин жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери, аймактык тескөөчүлөр жол кырсыктарын алдын алуу максатында «Өткөөлдөн өтүүдө телефонго алаксыбаӊыз!» жана «Ата-эне, жаш балаӊызды жетелеп өтүӊүз!» деген эскертүү жазууларын жазышкан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү