Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келсе, жоопко тартылат

Автор -

Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартылат. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда Өмүрбек Бабановго карата козголгон эки кылмыш ишин иликтенүүдө. Алар Ош шаарындагы «Амир-Тимур» кичи районунда провокациялык маанидеги сүйлөгөн фактысы боюнча, экинчиси бийликти күч менен басып алуу жана массалык баш аламандыкты даярдоо боюнча козголуп, учурда токтотулган кылмыш иши.

[ads-quote-center cite=’деп айтылат маалыматта.’]«Азыркы тапта биринчи кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып жатат. Эгерде Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартылат»[/ads-quote-center]

Белгилей кетсек, бүгүн «Республика» партиясы Өмүрбек Бабанов өлкөдөгү акыркы кырдаалдарга байланыштуу Кыргызстанга келүү чечимин кабыл алганын билдирген.