Эгемендүүлүк күнүнө карата эс алуу болбойт

Автор -

Эгемендүүлүк күнүнө карата эс алуу болбойт. Бул тууралуу КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги маалымдайт.

Берилген маалыматка ылайык, 31-август ишембиге туш келгенине карабай 2-сентябрь жумуш күнү болот.

Эске салсак, дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык  беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн  — 2019-жылдын 2-сентябрындагы дем алыш күнү 2019-жылдын 4-январындагы иш күнүнө жылдырылган.