Нарында жер титиреди

Автор -

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 29-август кунү саат 07:49да Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Кочкор районунун Чолпон, Туз, Ак-Чий айылдарында 3,5 балл, Көк-Жар, Ак-Жар, Кум-Дөбө, Орток, Комсомол айылдарында 3 балл жана Кочкор, Дөң-Алыш, Арсы айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.