Кыргыз Республикасынын жарандыгынан 638 адам чыгарылды

Автор -

Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө 6 Жарлыкка кол койду.

4 Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандыгына 1373 адам кабыл алынат (анын ичинен 1178 — чоң адамдар жана 195 — балдар), алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

2 Жарлыкка ылайык, 638 адам (анын ичинен 532 — чоң адамдар жана 106 — балдар) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгарылат.