Активисттер Кеңеш айылындагы мектептин жаңы имаратын курууга акча чогулта башташты. Бул үчүн банктан эсеп ачылганын жеке ишкер Жамалбек Ырсалиев «Азаттыкка» билдирди.
Маалыматка ылайык, социалдык тармакта жаңы имарат салыш үчүн демилге көтөргөндөр эртең, 5-сентябрда чогулуп, ким кандай жардам берери талкууланат.
Ал эми Болот Кенешов аттуу Фейсбук колдоонуучусу материалдык жана акчалай жардам көрсөтүп жаткан айрым адамдардын тизмесин жарыялаган.