Алмазбек Атамбаевдин жактоочуларынын доо арызы канааттандырылган жок

Автор -

Бишкек шаардык соту Алмазбек Атамбаевдин жактоочуларынын аны кармоо жана камакка алуу мыйзамсыз болгондугу туурасында доо арызын карап, канааттандырган жок. Бул тууралуу «Апрель» Сергей Слесаревге шилтеме берип жазды.

Бүгүн, 4-сентябрда УКМКда Бишкек шаардык сотунун көчмө жыйыны өттү. Анда экс-президенттин жактоочуларынын эки доо арызы каралды. Биринчиси,  7-8-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясындагы тергөөчүнүн мыйзамсыз иш-аракети боюнча, экинчиси Биринчи Май райондук сотунун Атамбаевди 26-октябрга чейин абакта калтыруу чечими боюнча болду.

Жактоочунун айтымында, соттук коллегиянын мүчөлөрү: Карабеков, Сабитова, Эсекеевдер материалды жакшылап карап чыкпай туруп, эки доо арызды тең четке кагышты.

Ошондой эле, жактоочу соттук отурум жабык өтүшү менен КР Жазык-процессуалдык кодекстин нормалары бузулганын белгиледи.

«Биздин Атамбаевди 26-октябрга чейин камакта калтырууга каршы жүйөөлөрүбүздү эске алган жок. Жооп берилген да жок, сот жөн гана өтүнүч канааттандырылбай турганын билдирди»
деди Слесарев.
Бөлүшүү