Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов өз каалоосу менен кызматтан кетти. Бул туурасында өкмөттөгү булактарына таянып, Kaktus.media жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, губернатордун кызматтан кетүүсүнө Солтон-Сары кен жайындагы абалды жайгара албай коюшу себеп болушу мүмкүн.
[ads-quote-center cite=’деп айтылат маалыматта. ‘]«Кайыповдун ордуна ыйгарым укуктуу өкүл кызматына Нарын шаарынын учурдагы мэри Эмилбек Алымкулов көрсөтүлөт»[/ads-quote-center]Эске сала кетсек, Аманбай Кайыпов бул кызматты 2013-жылдын декабрынан бери ээлеп келген.