10-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 13…18;
Таласта түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17;
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 9…14, күндүз 16…21;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 4…9, күндүз 12…17;
Нарында түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16;
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 9…11, күндүзгү жогорку температурасы 16…18 градус болот.
































