3 жылга созулган согуш эки тараптын тен пайдасына чечилбей, эч кандай тынчтык келишимине жетилбестен аяктаган. Ушул күнгө чейин бири-бирине тиш кайрап, эки элдешкис душман катары санап келишет.
Ал эми эки Кореяны колдогон дүйнөлүк державалар өз кызыкчылыктары үчүн бириктиргиси келишпейт.
АКШ— Түштүк Кореянын негизги өнөктөшү жана Түндүк Кореянын негизги душманы. Корея соугушу убагында Амеркалыктар Тундук Кореяга экинчи дүйнө согуш мезгилинен да көп баомба ташташкан эле. Бул ушул күнгө чейин Түндүк Кореялыктардын амеркиалыктарга болгон жек көрүүсүн көргөзүп келет.
Кытай — КЭДРдын салттуу тарапташы жана эски өнөктөшү катары саналат. Кытай расмий турдо Корея согушунда тараптарга барбаганы менен кытай жарандары Түндүк Корея үчүн согушкан.
Орусия —ССБРден келе жаткан Кимдердин (Ким Ир Сен, Ким Чен Ир, Ким Чен Ын), режимин салтту турдо колодоп келет. Ошол эле мезгилде Түштүк Корея менен да тарапташ мамилени сактап келет. Бирок АКШнын негизги өнөктөшү Түшүк Корея болсо, Орусия Түндүк Кореянын негизги өнөктөшү.
Сонку жылдары эки Корея ортосунда абал курчуп барат. Анткени КЭДРдин атомдук куралдын, ракеталарды сыноосу Түштүк Кореяны кооптондуруп келет. Эскерте кетсек 2006, 2009 жана 2013-жылдары Түндүк Корея атомдук куралды сынап, дуйнө коомчулугун өзүнө бурган. БУУнун атомдук куралды чыгаруу боюнча тыюу салган резолюциясына туура келбегендиктен, Түндүк Кореяга экономикалык санкция салынып, эч бир мамлекет Түндүк Корея бийликтерин иш сапар боюнча чакырбай, бир да КЭДРга иш сапар менен барбайт. Бирок Түндүк Корея атомдук куралдуу жана ракеталарды өзүн коргоо учун тушундуруп, кээде АКШга багытталарын да эскертип келет. Ал эми Жапония эки Корея менен тен мамилеси солгун болгондуктан АКШ таасиринде Түштүк Кореяга бир аз ыктайт.
Бирок Жапония да Кытай, Орусия жана АКШ да эки Кореянын кошуулусун эч качан калашпайт. Анткени эки Корея кошулса аймактагы эң кубаттуу мамлекетке айланат. Себеи бириси экономика жагынан дүйнөдө алдыда турса, бириси курал жагынан алдыда турат.