17-19-майга чейин түнкүсүн көпчүлүк аймактарда катуу жаан жаайт, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кардын жаашы күтүлөт.

ӨКМнын маалыматы боюнча, ийик тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

20-майда аба ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.