ӨКМдин маалыматына ылайык, 31-август күнү Ак-Жар айылынын тургуну 1942-жылы туулган Шергазиева Б. аттуу аял дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу маалымат 17-сентябрь күнү ӨКМге келип түшкөн.
Кечээ, издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн КР ӨКМнен 18 куткаруучу тартылып, издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, саат 20:00дө токтотулган. Натыйжа болгон жок.
Бүгүн, 19-сентябрь күнү издөө иш-чаралары улантылат.