Бүгүн 7Clicks колдонмосунун расмий ачылышы болуп, мобилдик түзүм колдонуучулардын оорун колдон, жеңилин жерден алууга киришти.

Жаңы колдонмо бекер кызматтарды аткарат.

Уюмдар жана жеке жактар өз кызматтарын программага киргизүү менен ишканаларга жана ишкерлерге түздөн-түз жеткире алат. Ал эми кардарлар смартфонунан карап, керектүү маалыматын же издеп жаткан компаниясын оңой эле табат. Өлкөдөгү бардык кызмат көрсөтүүлөр колдонмонун ичине киргизилип, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар менен коомдук уюмдар коомчулуктун көз алдында болот.

Saat.kg сайты жөнүндө маалыматты колдонмодон таба аласыз
Saat.kg сайты жөнүндө маалыматты колдонмодон таба аласыз

Мурдагыдай керектүү маалыматты интернеттен, электрондук маалымат камтыган булактардан издеп отурбастан, убакыт да үнөмдөлөт.

Негиздөөчү Медер Болгомбаевдин айтымында, маалыматтардын негизги 7 категориясы бар жана аймакка жараша облуска кирип, андан шаарга, шаардан айылга кирип, керектүү маалыматын таба алышат.

«Биздин өлкөдө эң ыңгайлуу колдонмолордун бири болот. Шаар жергесине эле эмес, айыл жергесиндегилерге да шарт түздүк. Дыйкандар менен фермерлер үчүн да ыңгайлуу болуп, мамлекеттик кызматтар менен түз байланышта болот. Кардарлар акысыз колдонуп, сүрөттөрүн киргизип, сайттарды тиркегенге да мүмкүнчүлүк бар», — деп билдирет ал.

Колдонмону Play Market’тен акысыз көчүрүп алууга болот.