Ош-Анжиян-Ош каттамы жанданды

Автор -
334

Кыргызстандын Ош жана Өзбекстандын Анжиян шаарларынын ортосунда автоунаа каттамы 25-сентябрдан тартып жанданды.

Автомобил, суу тармак жана салмак көзөмөлдөө агенттигинин жетекчиси Анарбек Бекмуратов бул иш мамлекет аралык келишимге ылайык жасалып жаткандыгын маалымдады:

— Бишкек-Ташкент каттамы ишке киргенине көп болду. Минтип бүгүн Ош-Анжиян каттамын жандантып, ишке киргизип жатабыз. Эми жакында Ош-Фергана, Кызыл-Кыя — Фергана каттамдары ачылат. Эки элдин ынтымагын бекемдөө жана бири-бирине каттоосун ыңгайлаштыруу максатында Баткен, Ош облустарынан Өзбекстандын башка шаарларына да каттамдарды көбөйтүүгө аракет кылып жатабыз. Буюрса Сүлүктү-Бишкек каттамын Ташкент аркылуу кайра жандантабыз деген үмүтүбүз бар.

Бекмуратовдун айтымында, жакында эки өлкөнүн башка шаарларын байланыштырган каттамдар да ачылышы күтүлүүдө.

Ош шаарынан №777 каттамындагы Ош-Анжиян маршруттук каттамында жол кире 100 сом. Ал эми Анжияндан Ошко №26 Анжиян-Ош каттамында кичиавтобус жүрөт.

Кыргызстандын Ош шааары менен Өзбекстандын Анжиян шаары коңшулаш жайгашкан. Эгемендик алгандан кийин 2005-жылкы Анжиян окуясына чейин кошуналар бири-бириникине «Достук» чек ара бекети аркылуу маршруттук каттам менен барышчу. Анжиян окуясынан кийин Өзбекстан чек арасын бир тараптуу жаап, андан өтүү бир топ татаалдашкан.

«Достук» бекети аркылуу машинелердин жана жөө адамдардын кирип-чыгышына 2017-жылы эки өлкөнүн президенттеринин келишиминен кийин жол ачылган.