7-октябрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25;
Таласта түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24;
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20;
Нарында түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19;
Бишкек шаарында түнкүсүн 7…9°, күндүз 22…24° градус болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.