Кызыл-Кыядагы жана Сүлүктүдөгү шахтада алты адам газга ууланып каза тапты

Автор -

Кызыл-Кыядагы жана Сүлүктүдөгү шахталардагы кырсыктардан эки күндө алты адам өлдү. Бул маалыматты «Азаттыктын» Баткендеги кабарчысына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактагы башкармалыгынын кызматкерлери билдиришти.

Кызыл-Кыядагы окуя 6-октябрда түштөн кийин болду. Кырсык үч адамдын өмүрүн алганы кабарланды. Бирок кырсыктын башка жагдайлары азырынча белгисиз.

Ал эми Сүлүктү шаарындагы шахтадагы каргаша 5-октябрда болгон. Көмүр казылган жайдан чыккан газга ууланган беш адамдын үчөө мерт болгонун дарыгерлер тастыкташты. Каза болгондор туугандар экени кабарланды. Жабыркаган эки адамдын абалы канааттандырарлык.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы азырынча маалымат тарата элек.

Мамлекеттик экотехинспекциянын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, 2017-жылы кендерде өндүрүш маалында 26 кырсык катталып, 24 адам каза болгон. 2018-жылкы шахтада каза болгон адамдардын саны так эмес.

Бөлүшүү