Кыргызстандык шахматчы эл аралык турнирде күмүш медаль утту

Автор -

Кыргызстандык Медет Жапаров шахмат боюнча эл аралык турнирде күмүш медаль утуп алды.

Almaty Open — 2019 таймашы 7-14-октябрда Казакстандын Алматы шаарында өткөн. Медалдар эки категория боюнча ойнотулган:  A (рейтинги 2 миң очкодон жогорку оюнчулардын арасында) жана B (2 миңден ылдыйкылар арасында).

B категориясында 4 мамлекеттен келген 128 спортсмен катышкан. Алар швейцар системасы боюнча 9 тур ойношкон. Медет Жапаров 6 партияны жеңип, үч партияда тең чыккан. 7,5 упай топтогон кыргызстандык чемпиондон кошумча көрсөткүчтөрүнөн гана артта калган.