CASA-1000 долбоорун үч эл аралык донор каржылап берүүгө даяр.
Экономика министри Арзыбек Кожошев депутаттарга айтып бергендей, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстанга 45 млн доллар берет. Анын $38,25 миллиону 0,75% менен 40 жылга берилет.
Европа инвестициялык банкы 70 млн евро бөлөт. Бул сумма 10 миллиондук транштар менен берилет. Кредитти 29 жыл ичинде кайтарып берүү керек.
Ислам өнүктүрүү банкы 25 жылга 1,5%дык чен менен 50 млн доллар берүүгө даяр.
Насыянын баары CASA-1000 долбоорун ишке ашырууга жумшалат. Кыргызстан долбоор боюнча электр кубатын экспорттоп, андан түшкөн кирешенин эсебинен карызды 15 жыл ичинде кайтарып берүүнү көздөөдө.
CASA-1000 долбоору Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистандын энергетикалык системаларын бириктирүүчү жогорку вольттуу зымдарды курууга багытталган. Кыргызстанда жай айларында электр энергиясы ашыкча болуп турганда Ооганстан менен Пакистанга экспорттоп турат.
Долбоордун жалпы суммасы 1 млрд долларды түзөт. Кыргызстан $233 млн бөлүп бериши керек. Анын $33 миллиону салыктардан жана төлөмдөрдөн бошотконуна кирет.