Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 22-октябрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлсө, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй,Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18;
Таласта түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17;
Баткен, Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21 жылуу;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15;
Нарында түнкүсүн -3… сууктан +2 жылуу, күндүз 11…16 жылуу;
Бишкекте жаан чачын күтүлбөйт, күн ачык болот. Абанын температурасы күндүз 16……18°C, түнкүсүн 4..… 6°C.