Аламүдүн районунда жездеси өзүнүн 18 жаштагы балдызын зордуктап жүргөн

Автор -
388

Чүйдө эркек киши бир нече ай бою өзүнүн 18 жаштагы балдызын зордуктап жүргөн. Бул тууралуу күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып, Kaktus.media жазды.

Маалыматка караганда, 19-октябрь күнү Аламүдүн районунун ички иштер органдарына 18 жаштагы кыз арыз менен кайрылып, 2019-жылдын май айынан бери Кайрат аттуу бир тууган жездеси аны күч колдонуп зордуктап жүргөнүн билдирген. Кыздын эжесинин эч нерседен кабары жок болгон.

Жабырлануучунун айтымында, ата-энеси 2000-2002-жылдары каза тапкан. Апасы төрөт учурунда каза болсо, атасы күйүтүн көтөрө албай, эки жылдан кийин дүйнө салган. Үч эжесинин экөө турмуш куруп, үчүнчүсү чет жакта иштеп жүргөн.

«Жабырлануучу ата-энесинин үйүндө ортоңку эжеси жана анын күйөөсү болуп жашашкан. Жездеси динди карманган киши болгондуктан, аялы ага каршы сөз айта албайт. 2019-жылдын май айында киши балдызын биринчи жолу зордуктаган. Кийин ал уланган.  19-октябрда жабырлануучу бул тууралуу группалаш кыздарына айтып берсе, алар улуу эжесине айтууга көндүрүшкөн. Мындан кийин кыз милицияга арыз жазган»,- деп айтылат агенттиктин маалыматында.

Учурда кыздын эжеси туугандарынан күйөөсүнө каршы жазылган арызды алууну суранып жатканы белгилүү. Бирок алар зордукчул өз жазасын алуусун талап кылышууда.

Азырынча шектүү камакка алына элек. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусу чыккандан кийин ошого жараша бөгөт коюу чарасы кабыл алынат.