Депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында танспорт жана жол министри Жанат Бейшеновду жол салган компанияларга адвокат болбоого чакырды.
Андан кийин депутат Талас-Тараз жолунун курулушу 2017-жылы бүтүшү керек болгон болсо, иштер алигүнчө аягына чыга электигин белгиледи.
Транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов аталган жолдун курулушу 99 пайызга бүткөнүн маалымдады. Анын айтымында, жол чырактар толугу менен орнотулуп, тратуарлар салынып жатат. Бирок Момбеков министрдин маалыматын четке какты.
[ads-quote-center cite=’деди Момбеков.’]“2019-жыл акыркы мөөнөт болчу. Мминистрликтин шалаакылыгынан мөөнөтү өтүп кетип Ислам өнүктүрүү банкы каржыны толук бербей, жаап салды. Банкта 1 миллион 600 миң доллар акча калып калды. “Чакыр Япы” компаниясы качып кеткен, “Кыргыз жол курулуш” компаниясы акчасын ала албай соттошуп жүрөт, УКМК кылмыш ишин козгоду. Мен факты менен айтып жатсам сиз эмнеге жомок айтып жатасыз? Жол 2017-жылдын август айында бүтүшү керек болгон. Эки жыл өттү, бүтө элек. Буйрутма берген министрлик. Демек, эч кандай көзөмөл болгон жок”[/ads-quote-center]