Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 5-сентябрдагы жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын белгилөөгө даярдыктарды көрүүдө көптөгөн алешемдиктер, туура эместиктер болуп жатканын айтып, Өкмөттү катуу сынга алды.
Экинчи таарынычы, Бишкек мэриясы Т. Усубалиевдин ысымын эски аянтка беребиз деп атат. Уят эмеспи! Жаңы аянтты салган кишиге эски аянттын атын берген эскилик эмес, кемчилик! Өзбек президенти парламентке сунушун киргизип, Жизак районуна Шараф Рашидовдун атын берди. Казак парламенти 6 мүнөттө Астананы Нур-Султан кылып койду. Бирок тирүү адамдын аты берилбейт, тирүү адамдын ашы берилбейт дейт. Кунаевдин атында көчө, академия бар. Азербайжанда кандай кылып Г. Алиевдин атын түбөлүккө калтырып атышканын айтпай эле коеюн. Биз болсо мамлекетти 25 жыл башкарган адамдын ысымын Өкмөттүн алдындагы унаа токтотуучу жайга берип жатабыз. Ушул мартабалуу мамлекеттик ишмерге кыла турган мамилеби?! Туугандары бере турган болушса Биринчи Май районуна беришсин, бергиси келбесе жөн эле коюшсун деп атышат. Биз артык кылабыз деп тыртык кылбашыбыз керек. Керек болсо биз отурган Акүйдү да Т. Усубалиев бюджеттен бир тыйын албай курдурган. Биз дагы, Жогорку Кеңеш тиешелүү токтом кабыл алып беришибиз керек»