Россияда кыргыз жараны жол кырсыгын жаратты. Жабыркагандар бар (видео)

Автор -

Россиянын Санкт-Петербург шаарында 33 жаштагы кыргыз жараны катышкан жол кырсыгы катталып, анда 8 адам жаракат алды. Маалыматты орусиялык басылмалар таратты.

2019-жылдын 23- октябрында саат 11:43тө Лермонтов проспектиси менен Обводный каналдын жээк көчөсүнүн кесилишинде  33 жаштагы айдоочу башкарып бара жаткан «Фольксваген» унаасы «Рено Каптюр» унаасы менен кагышкан. Соккудан «Рено» жолдон өтүп бараткан жөө жүргүнчүлөрдү барып сүзгөн. Кесепетинде 8 киши жабыркаган. Алдын ала маалыматка караганда, 7 жөө жүргүнчү ар кандай жаракаттарды алса, «Рено Каптюр» унаасынын айдоочусу оор абалда ооруканага жеткирилген.

Бул факт боюнча тиешелүү органдар «Жол эрежесин бузуу» беренеси менен кылмыш ишин козгошту.

Орусиялык басылмалардын маалыматына караганда, «Фольксваген» унаасын 33 жаштагы кыргыз жараны Сухбатулло Кыргызбаев башкарып бараткан. Ал тажрыйбалуу айдоочу болуп эсептелет, анткени Петербургдан чет мамлекеттерге унааларды ташуу менен алектенет. Россияда жашап жатканына көп болгон. Ошто туулган.