Жарандар өлкөдөн накталай түрдө 10 миң доллар алып чыга алышат

Автор -

Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёев кол койгон «Валюта базарын тартипке салуу тууралуу» мыйзамдын жаңы редакциясы күчүнө кирди.

Ага ылайык, жарандар өлкөдөн накталай түрдө 100 миллион сумга чейин (10,6 миң доллар) каражат алып чыгууга укук алышты. Мындан тышкары мыйзам өзбекстандыктарга чет өлкөлөрдө тоскоолдуксуз банк эсептерин ачууга, аларга акча которууга, ошондой эле баалуу кагаздар менен төлөм документтерине ээлик кылууга укук берет. Ошол эле маалда документ жарандарды Өзбекстандын аймагында бардык төлөмдөрдү улуттук валютада жүргүзүүгө милдеттендирет.

Буга чейин өлкө жарандары сыртка декларациясы жок 2 миң доллар, декларация менен 5 миң долларга чейин каражат чыгара алышкан. Мындан чоң сумма чыгаруу үчүн Борбордук банктын уруксаты талап кылынган.

Бөлүшүү