«Хизб-ут-Тахрирчи» ИИББнын 10чу башкармалыгы менен УКМКнын биргелешкен диний экстремизмге каршы жана терроризмдин алдын алуу максатында өткөрүлгөн оперативдик тинтүү иштеринин натыйжасында колго түшүрүлгөн.
1968-жылы туулган М.М. аттуу жараны жаштар арасында пропагандалык-үгүттөө ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген.
Жашаган жеринен экстремисттик «Хизб-ут-Тахрир» уюмуна тиешелүү 152 баракча, 20 брошюра, 2 конспект дептери жана 1 системалык блок табылганын, ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.