Текебаев менен Чотонов дагы эки ай үй камагында болот

Автор -
@Azattyk

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасы өзгөрүүсүз калды.

Бүгүн соттук териштирүүгө берилген эки айлык мөөнөт аяктады. Ошого байланыштуу судья узартуу маселесин карап, соттолуучулардын баш коргоо чарасын дагы эки айга узартты.

Жогорку сот быйыл 21-августта ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду сот залынан бошоткон.

Иш райондук сотто эки ай мурда карала баштап, соттолуучулардын баш коргоо чарасы үй камагы деп аныкталган.

Текебаев менен Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Айыптоочу тарап окуя 2010-жылдын 13-майында Бишкекте болгонун жүйө келтирген.

Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин куугунтугу катары баалаган.