Индияда тереңдиги 180 метр болгон кудукка түшүп кеткен баланы үч суткадан бери алып чыга албай жатышат. Бул тууралуу BBC жазды.
Окуя 25-октябрда Индиянын түштүгүндөгү Тамил Наду штатында болгон. Эки жаштагы Суджит Уилсон көчөдө башка балдар менен чогуу ойноп жүрүп кокусунан кудукка түшүп кеткен.
Аркан менен түшүү аракетинен да натыйжа болбогону айтылат. Кудукка түшүрүлгөн камера баланын дем алып жатканын көрсөттү.
Бул окуядан кийин Индиянын активисттери колдонулбаган кудуктарды ачык калтыргандарга айып пул салууга чакырып жатат.
Even despite police warding off public from the rescue area, hundreds of public from nearby villages and districts have found spots on terrace and fields hoping Sujith would come out alive. #SaveSujith @xpresstn @NewIndianXpress pic.twitter.com/Z3xkLmNVdb
— Jayakumar Madala (@JayakumarMadala) October 26, 2019