Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы Невск районундагы турак үйлөрдүн жанында таштанды төккөн 4 кыргыз жараны кармалды. Алар таштанды төгүүчү жайды мыйзамсыз уюштурганын орус басылмалары жазып чыгышты.
Анда райондун тургундары турак үйлөрүнүн жанындагы чогулган таштандылар боюнча арызданышкан. Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, 2018-жылдан бери юридикалык жак тарабынан ижарага алынган жер тилкесине жүк ташуучу унаалар аркылуу курулуш иштеринен чогулган таштандылар ташылат. Таштанды төгүлгөн жайды аймактын тургундарынан түзүлгөн топтун мүчөлөрү кароолго алат. Бирок ошого карабай таштандылардын көлөмү көбөйө берген.
[ads-quote-center cite=’ — деп жазылат маалыматта.’]«КамАЗ айдаган 4 кыргыз жараны кармалды. Алар таштандыны мыйзамсыз төгүп жүрүшкөн»,[/ads-quote-center]