Өсүмдүктөр үшүп калат! Бишкекте Ботаникалык бактын жылуулук системасы алмаштырууга муктаж

Автор -

Бишкекте Горький көчөсүндө жайгашкан Ботаникалык бакка жардам керек. Бул тууралуу журналист Ксения Стрельцова Фейсбуктагы баракчасында жазып чыкты.

Анын айтымында, учурда ал жакта оранжереяны оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Айнектери алмаштырылып бүтүп калды, ал эми жылуулук системасын алмаштырууга акча каражаты жок болууда.

«Жылуулук системасын алмаштырууга шашылыш түрдө 50 миң сом керек. Тендер жарыялаганга кеч болуп кетти — ноябрь айы келип калды, өсүмдүктөр үшүп калышы мүмкүн. Ошондуктан, шашылыш, көңүл кош эмес адамдардан чогултуп жатышат. ЖЭБде авария болгондо, өсүмдүктөрдү сактап калышкан, эми бул эскилиги жеткен системаны иштеткенден да коркуп турушат. Банктык эсеп жок, жардам берүүнү каалагандар ботаникалык бакка өздөрү келип (ким канча бере алса) Ирина Петровнанын колуна тапшырсаңыздар болот», -деп билдирет Стрельцова.