Казак президенти мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет

Автор -
250

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Марат Сыздыков Бишкекте казак президентинин Кыргызстанда өтчү мамлекеттик сапарын талкуулашты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга ушул жылдын ноябрь айында келери белгилүү болгон. Бирок кошуна мамлекеттин президентинин сапарынын так датасы айтыла элек.

Сооронбай Жээнбеков май айында Казакстандагы иш сапарынын алкагында Касым-Жомарт Токаев менен жолугуп, аны Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырган.