Мурдагы кайнатанын кеги: Баткенде өз үйүндө атылган жигиттин өлүмүнүн чоо-жайы

Автор -
208
Иллюстрациялык сүрөт

Лейлек районунунда өз үйүнүн алдынан желкесине ок тийип каза болгон 25 жаштагы жигитти мурдагы кайын атасы аткан. Бул тууралуу жергиликтүү тургундарга таянып, Turmush басылмасы жазып чыкты.

Эскерте кетсек, буга чейин Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы 27-октябрда Лейлек районунун Бешкент айылында 25 жаштагы жигит желкесине атылган октон каза болгонун кабарлаган. Ишти иликтөө боюнча ыкчам топ түзүлүп, 28-октябрь күнү кылмышка шектелип, ошол эле айылдын 48 жаштагы тургуну Х.Д. өз үйүнөн кармалган. Анын ок аткан куралы да жанынан табылган. Бул факт боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Маркумдун айылдаштары Turmush басылмасына каза болгон жигит мурда шектүүнүн күйөө баласы болгонун айтып беришкен. Ал аялы менен 2 жыл жашап, 1 кыздуу болгондо ажырашкан. Бир ай мурун башка кызга үйлөнүп, бирок мурдагы аялынын үйүнө барып, чатак салып турган. Х.Д. кызын башка бирөө менен кудалашып койгондо, ал жигит менен да мушташып, жаңжал чыгарган. Мурунку аялын уюлдук телефонуна видеого тартып, «интернетке жарыялайм» деп опузалап жүргөн. Анын кесепетинен келиндин атасы Х.Д. мурдагы күйөө баласынын үйүнө барып, коркутуп коюу үчүн мылтыгы менен арка жагынан аткан. Бирок жабырлануучу ооруканага жетпей каза болгон. Анын денеси 28-октябрь күнү жерге берилди.

Подозреваемый. Фото предоставлено УВД Баткенской области