Бишкекте аеосуз сабалган жаран №4 шаардык ооруканада дарыланууда

Автор -

Бишкекте аёосуз сабалган жаран Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алып келинген. Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 30-октябрь күнү саат 13:15 чамасында Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунан милицияга билдирүү келип түшкөн. Анда дарыгерлер катуу сабалып алынып келинген эркек киши тууралуу маалымат беришкен. Териштирүү иштеринде бул жаран Ч.Айтматов көчөсү менен Түштүк магистраль көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринин алдында сабалган жаран экени аныкталган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда тергөө жүрүүдө.

Буга чейин жергиликтүү басылмалар Бишкекте үйлөрдүн короосун кайтарган улгайган кишини белгисиз жаран аёосуз сабап кеткени тууралуу маалымат тараган. Тактала элек маалыматтарга караганда, зөөкүр мас абалында болгон жана кароолчунун унааны булгаганы үчүн берген эскертүүсүнө жооп катары сабап таштаган.