Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстанга иш сапар менен учуп кетти

Автор -

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстанга иш сапар менен учуп кетти. Ал жакта Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан билдиришти. 

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынын күн тартибинде Шанхай кызматташтык уюмунун ишмердүүлүгүн мындан ары карай өркүндөтүүгө багытталган соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү маселелер белгиленген. Жыйындын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюу пландалган.

 Белгилей кетсек, Мухаммедкалый Абылгазиев саммиттин алкагында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары менен бир нече эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.