«Башкы прокуратуранын биздин компания салыктык текшерүүдөн баш тарткан деген маалыматы -калп» деп билдирди «Автомаш-Энерго» компаниясынын юристи Салия Эшкинина журналисттерге.
Эскерте кетсек, буга чейин Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевге козголгон кылмыш иштеринин алкагында Мамлекеттик салык кызматы «Автомаш-Энерго» ЖЧКсында текшерүү өткөрүүгө тийиш экенин, бирок компания жетекчилиги буга бут тосуп жатканын билдирген.
«Автомаш-Энерго» компаниясынын юристинин айтымында, 23-октябрда компанияга 2015-2018-жылдар боюнча текшерүү жүргүзүү тапшырмасы менен салык кызматынын инспектору келген. Юрист текшерүүгө даярданууга ишканаларга мыйзам боюнча 3 күн бериле турганын эскерткен. Бирок текшерүүчү органдар макул болушкан эмес.
[ads-quote-center cite=’-дейт Салия Эшкинина.’]«Жыйынтыгында биз документтерибизди көрсөттүк. Инспектор 7 күн бою эсепчи менен өзүнчө бөлмөдө отуруп, документтердин 95% текшерди. Ал сураган документтин баарын берип жаттык», [/ads-quote-center]Юристтин айтымында, 30-октябрь күнү эсепчи ден соолугуна байланыштуу текшерүүнү бир азга токтото турууну суранган. Кагаздардын көп бөлүгү каралып бүтүп калгандыктан, ЖЧК Октябрь райондук салык кызматына текшерүүнү жылдыра туруу өтүнүчүн жолдогон.
[ads-quote-center cite=’- деп кошумчалады юрист.’]«Бирок 31-октябрь күнү соттун 21-октябрда чыгарган токтому менен тинтүү жүргүзүүгө келишти. Башкача айтканда, алар тинтүү менен келерин он күн мурун билишкен. Биз текшерүүдөн качкан эмеспиз», [/ads-quote-center]