Алынган кредиттер өздөштүрүлбөй жаткандыктан бюджеттен айып катары ири сумма төлөнүп жатат. Бул тууралуу Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов Жогорку Кеңеште билдирди.
Бүгүн, 13-ноябрда парламентте келерки жылдын бюджетинин долбоору каралды.
[ads-quote-center cite=’деди Марипов.’]«Кредиттер өздөштүрүлбөй жаткандыгына байланыштуу бюджеттен бир нече жылдан бери айып пул төлөнүп келүүдө. Анын суммасы 9 миллион долларды түзүп, бюджеттен каралат. Бул акчаны кредитти колдонгон компаниялар менен подрядчылар төлөй тургандай кылыш керек. Муну өкмөткө да айттык», [/ads-quote-center]Анткен менен ал жалпы жонунан канча акча кеткенин маалымдаган жок.
Эске салсак, бир жыл мурда борбор калаа Европанын реконструкция жана өнүктүрүү банкы берген насыяны өздөштүрө албай койгондугуна байланыштуу 135 миң евро төлөшү керектиги белгилүү болгон.