Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу баштапкы соттук жыйын 29-ноябрга жылдырылды. Мындай чечимди бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту кабыл алганын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев билдирди. Анын айтымында, Атамбаев соттук отурумга катышуудан баш тарткан. Ал эми Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов ооруп жатканына байланыштуу келген эмес. Ага операция жасалары айтылды.
Адвокат Сергей Слесаревдин буга чейин айтканына караганда,бул иштин алкагында төрт адам айыпталуучу катары өтүп жатат. Алар — мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.
Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.