Алмазбек Атамбаев Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасы Канатбек Муратбековду кабыл алды.

Жолугушууда президент социалдык жана өнөр жай объектилерин курууда алардын коопсуздугун жана сапатын камсыз кылуу максатында техникалык жана экологиялык талаптардын атакарылышын көзөмөлдөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат алды.

Канатбек Муратбеков ошондой эле өлкөнүн кен объектилеринде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү жана аларды иштетүү учурунда зарыл болгон ченемдердин атакарылышын көзөмөлдөө боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө да баяндап берди.

Мамлекет башчы өлкөнүн жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу үчүн ведомстволук кен казуу ишканаларында бардык экологиялык ченемдердин аткарылышын так көзөмөлдөөнү камсыз кылуусы зарыл экендигин белгиледи.