Мамкаттоо автоунаанын мамлекеттик номурлары аз калганын моюндады

Автор -

Мамлекеттик каттоо кызматында автоунаанын мамлекеттик номурлары чектелүү гана санда калгандыктан айрым аймактарда тартыш болуп жатат. Бирок, бул маселе 20-ноябрда чечилет. Тактап айтканда номур жасоочу темир Орусиядан келет. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматкери Адилет Бейшеналиев «Азаттык» радиосуна маалымдады.

[ads-quote-center cite=’деди Бейшеналиев.’]«Номерлер бар, бирок саны аз калды. Тендердин жыйынтыгы боюнча номерге керектелүүчү темир ноябрдын жыйырмаларында келет. Андан кийин бул көйгөй чечилет. Азыр чектелүү болгондуктан айрым райондордо жетпей калып жатат», [/ads-quote-center]
Ал эми жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк декабрдын башынан баштап бериле баштайт. Ага чейин айдоочуларга убактылуу документ берилип жаткан.