Финансы министрлиги 2019-жылдын 10 айында мамлекеттик карызын тейлөөгө бюджеттен канча акча кеткендиги тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, карыздан четинен кутулууга 21,3 млрд сом сарпталды.
«Тышкы карызга дээрлик 12 млрд. сом кетсе, ички бересеге 9,4 млрд сом бөлүндү», — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, 2019-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 503,50 миллион АКШ долларын түздү. Сомго которгондо бул 313 миллиард 911,48 миллион сом болот. Анын ичинен тышкы карыз — 262 миллиард 936,56 миллион, ичкиси — 50 миллиард 974,91 миллион сом.